БААУ тарабынан уюштурулган ““Манас” эпосун окутууда заманбап санариптик усулдарды колдонуу” аттуу тренинги.

Борбор Азиядагы Америка Университети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык окуу жайлардын окутуучулары жана жогорку курсунун студенттери үчүн  ““Манас” эпосун окутууда заманбап санариптик усулдарды колдонуу” аттуу тренинги 2020-жылдын 5-6-7-ноябрь күндөрү өткөрүлдү.

Иш- чарага катышуу үчүн  ““Манас” эпосу кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана каада-салтын кандай чагылдырат?” деген темада 500 сөздөн кем эмес чакан эссе жазуу талабы коюлду. Кызыктуу, оригиналдуу жана түшүнүктүү тилде жазган авторлор гана тандалып алынып, Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинен окутуучу Орозбек кызы Нурзат тренинге чакырылды.

Үч күндүк тренингдин негизги темасы “Манас” эпосун изилдөөдө жана окуп-үйрөнүүдө заманбап санариптик усулдарды колдонуунун мааниси жана алардын айрымдары менен тааныштыруу болду.

Иш-чаранын алгачкы жана экинчи жолугушуусу Zoom платформасынын жардамы менен офлайн режиминде өткөрүлүп, жыйынтыктоочу үчүнчү жолугушуу Супара этно-комплексинде оффлайн өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу бөлүмүндө “Манас таануу” боюнча келечекке пландар, ар кандай сунуштар айтылып, катышуучуларга сертификаттарды жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен аяктады.

13.11.2020