Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин тарыхы

БИШКЕКТЕГИ КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ КОЛЛЕДЖИНИН ТАРЫХЫ

2025-жылы 15-сентябрда Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин ачылганына 95 жыл болот. Техникумдун ачылышы КРда техникалык кадрларды даярдоого негиз болгон. 15.09.1930-жылы техникум ачылсын деген буйрук чыккандан тартып республикадагы эң алгачкы атайын орто окуу жайларынын бири- техникумдун тарыхы башталат. Алгач окуулар Логвиненко көчөсүндөгү кепе тамдарда өткөрүлгөн. Техникумдун биринчи директору Победоносцев П.М. болгон. 1932-жылы техникум жаңы имаратка кирип, бүгүнкү күнгө чейин өз ишин улантууда жана кыргыз архитектурасынын тарыхый эстеликтеринин бири болуп саналат. Ошол эле жылдары “Авто жол” бөлүмү ачылган. 1934-жылы 35 улан-кыздар техникумду бүтүрүп чыккан. Техникум Улуу Ата Мекендик согушка чейин сегиз жолу жаш адистерди бүтүрүп чыгарган.

1941-жылы техникум өз ишин убактылуу токтоткон. Техникумдун директору Четинин В.П., директордун орун басары Техчин Н.И баш болгон студенттер согушка жөнөшкөн. Техникумдун бүтүрүүчүсү Николай Прокофьевич Мирошниченко 1945-жылы 5-майда баатырларча курман болуп, Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болгон. Согуш учурунда техникумдун имаратында 24-учкучтар мектеби ачылган. Кыргызстандын аскер комиссары генерал И.В. Панфиловдун жетекчилиги астында үч авиациялык полк түзүлүп ( 660,664,665), Ленинград, Калинин жана Волхов багытындагы согушка катышышкан. Согуштан кийинки 1945-1947-жж. техникумду Балычевцев С.П. башкарып турган. 1947-жылы өкмөттүн чечими менен көп тармактуу индустриалдык техникум ачылып, анын директору К.И. Милешкин 1-апрелдин 1950-жылына чейин директорлук кызматын аткарган. 1950-жылдын 17-апрелинен 1963-жылга чейин техникумдун директору Кирпиченко Алексей Михаилович болгон. 1956-жылы техникумдун составынан авто жол техникуму жана политехникалык техникуму бөлүнүп чыккан. Спорт зал, ашкана жана устаканалар курула баштаган. 1960-жылы сырттан окуу бөлүмү, 1964-жылы кечки окуу бөлүмү ачылган. 1964-жылдан 1976-жылга чейин техникумдун директору Винников Виктор Михаилович болгон. 1976-жылдан 1982-жылга чейин техникумду Турчанинова Галина Исаевна жетектеген.
Акыркы 29 жыл ичинде 1982-2011жж. техникумдун жетекчиси Мастиленко Павель Петрович болгон.
Эгерде 30-жылдары техникумда 100-200 студент окуса, 80-жылдары 2950 студент билим алган.
30-жылдары педагогикалык жамаат 9-10 кишиден турган, азыркы учурда 75 адам эмгектенет. Учурда педагогикалык жамаат талапка жооп бергидей жогорку билимдүү, педагогикалык тажрыйбасы бар окутуучулар менен толукталган. Акыркы жылдары колледж жыл сайын 200гө жакын квалификациялуу адистерди даярдап чыгарууда. 1980- жылы техникумдун 50 жылдыгына жана КР айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйланган. 1982-жылы курулуш отряддарын өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1982,1983,1986-жылдары техникумдар арасындагы Бүткүл Союздук мелдештин жыйынтыгы менен 3-орунду ээлеп келген.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан 1990-жылы 15.08 №558/1 буйруктун негизинде Фрунзе курулуш техникуму Бишкек архитектуралык курулуш техникуму болуп өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин №36/1 буйругунун негизинде 06.02.1996-жылы Бишкек архитектуралык- курулуш колледжи Бишкек архитектуралык-курулуш техникуму деп аталган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №726/1буйругунун негизинде Бишкек архитектуралык –курулуш техникуму Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжи деп аталган.

Азыркы учурда БКАМК төмөнкү кесиптеги адистерди даярдайт:
1. 270103 “Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо”
2. 270110 “Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо”
3. 250403 Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо”
4. 270301 “Архитектура”
5. 080114 “Жер мүлк мамилелери”
6. 270401 “Нарктык инжиниринг”
7. 070602 “Дизайн”( тармактар боюнча)

  1. 230109 – «Компьютердик техника жана автоматташтырылган системалар үчүн программалык камсыздоо»;

9.140212 – «Электр менен камсыздоо» (тармактар боюнча);

  1. 270111 – “ Газ менен камсыздоо системаларын жана түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо”

2011-жылдын 11-сентябрынан колледжди Дюшебаев Максат Жумагулович жетектеп келе жатат.
2013-жылдан колледж Эл аралык долбоорлор менен иш жүргүзүп келе жатат. Европалык билим берүү фондунун демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоорго катышкан 5 окуу жайынын ичинен бүтүрүүчүлөрдүн окуусун, ишке орношуусун көзөмөлдөө боюнча 1-этабы боюнча иш чараларды алып барды. 2014-жылдын 1-январынан окутуучулар Германиянын GIZ долбоору, Азия өнүктүрүү банкы жана Европалык билим берүү фонду Эл аралык долбоорлору менен иш алып барышууда. Учурда окуу жайыбыз эмгек рыногунун талабына жооп бере алган адистерди даярдоодо. 2014-жылдан баштап колледжде жумушчу кесибине даярдоочу төмөнкү курстар ачылган: “Шыбакчы”, Гипсокартонщик”, “Жыгач уста”, Электр газ ширетүүчү”, “Бух.эсеп 1-С”, “Англис тили”, “Өздүк компьютерди билүү” ж.б. Ошондой эле кошумча кесиптик билим берүү боюнча:

  1. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо инновациялык курулуш тармагында;
  2. Ички санитардык техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо заманбап курулушта;
  3. Дизайндагы жаңы тенденцияларды эске алуу жана акыркы технологияларды колдонуу менен жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо курстары ачылган.