Колледж жөнүндө

Колледж жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжи (мындан ары БКАМК) 1930-жылдын 15-сентябрында түзүлгөн.

Колледж 1932-жылдан азыркы күнгө чейин ушул эле имаратта (Лев Толстой көчөсү-62) жайгашып келет да, Кыргызстандагы архитектура  тарыхынын эстелиги болуп эсептелет.

БКАМК азыркы учурда республиканын элдик чарбасына керек болуучу адистерди даярдоодогу бай тажрыйбага ээ республикадагы эӊ алгачкы орто кесиптик окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Адистерди даярдап чыгаруу ар дайым өсүүдө. Жылдык бүтүрүүчүлөрдүн саны 200 дөн ашык кишини түзөт.

Техникум 1979-жылы студенттик куруучулар отрядын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Техникумдар арасындагы Жалпы союздук мелдештин жыйынтыгы боюнча 1982, 1983, 1984, 1985, 1986-жылдары Советтер Союзундагы техникумдардын арасынан 3-орунду ээлеген.

2012-жылдан бери колледждин директору Дюшебаев Максат Жумагулович.

Окутуучулар жамааты жетишээрлик жогорку даярдыкка ээ жана жаш адистерди окутуудагы окутуунун  сапатын жакшыртууга ар дайым аракеттенишет.

Жыл сайын колледжде илимий-практикалык конференциялар жана кароо-сынактар өткөрүлүп турат.

Колледжде студенттер үчүн китепкана окуу залы менен, заманбап персоналдык компютерлер жана “Интернетке” байланышы мүмкүнчүлүгү менен техника менен жабдылган. Колледжде студенттердин ден соолугуна жана физикалык өсүшүнө өзгөчө маани берилет. Ошондуктан студенттер милдеттүү  окуу сабактары, спорттук секцияларга катышуу, кошумча дене тарбия менен машыгуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз болушкан. Колледж оңдоп-түзөөдөн өткөн, заманбап спорттук жабдуулар менен камсыз болгон спорт, машыгуу, бий залдарына ээ.

1990-жылы колледж жогорулатылган баскычта даярдоочу орто кесиптик окуу жайын түзүү экспериментине  республикада биринчилерден болуп катышкан. 1995-жылы эксперименттин тартибинде кенже инженер жана кенже архитекторлордун  биринчи бүтүрүүчүлөрү чыгарылган.

БКАМКтын жана РФнын ЖОЖдорунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде колледждин бүтүрүүчүлөрү жогорку кесиптик билим алуу максатында окуусун РФнын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

2013-жылдан баштап Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжи Эл аралык долбоорлор менен иштеше баштады. Билим берүүнүн Европалык Фондунун демилгеси менен түзүлгөн пилоттук долбоорго кирген 5 окуу жайдын ичинен биздин колледж “Бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү боюнча изилдөө” баскычын өткөрдү. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы окуудан рынок эмгегине өтүү анализин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

2014-жылдын 1-январынан баштап колледж “Кыргызстандын кесиптик техникалык билим берүү жана жумуштуулук боюнча жардам көрсөтүү” программасынын рамкасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коом (GIZ) долбооруна активдүү катышууда. Ошондой эле жылуулук бөлүп чыгуу боюнча полигону бар устакана толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Лаборатория жана окуу кабинети заманбап жабдуу жана эмеректер менен жабдылды.

БКАМК 2015-жылдан бери Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) экинчи “Кесиптик билим берүү жана тажрыйбаны өнүктүрүү”долбооруна катышып, өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдады.

2018-жылдын январь айынан бери БКАМК Азия өнүктүрүү банкынын үчүнчү ”Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунда пилоттук окуу жай катары катышуу менен, эмгек рыногунун талаптарына жооп бере ала турган, инклюзивдик, гендердик багыттагы, ошондой эле ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрө турган кесиптик билим берүү системасын түзүүгө жетишти. БКАМК, Республикадагы пилоттук окуу жайлардын бири катары заманбап инклюзивдик коопсуз, гендердик багыттагы билим берүү шарттары менен, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди бүтүрө турган  Алдыңкы тажрыйба борборуна айланды.

Азыркы учурда колледжде билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча үч приоритеттүү кесип боюнча капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн заманбап техникалык жабдуулары менен  16 окуу кабинеттери, 5 компьютердик кабинет, заманбап өндүрүш жабдуулары менен окуу-өндүрүштүк комплекси даярдалды.

БКАМК “Казахстан жана Кыргызстандын эмгек рыногунун талабына ылайык курулуш адистиктериндеги техникалык жана жогорку кесиптик билим берүү”  GIZ жана  KNAUF  компаниясы менен биргелешкен  пилоттук долбоордо кызматташып, курулуш тармагына заманбап технологиялык жасалга иштерин жасай ала турган  адистерди  даярдоодо кесиптик даярдыктарынын деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.Бул долбоордо кадрларды даярдоодо курулуш компаниялары менен колледжди түздөн-түз байланыштырган немецтик дуалдык окутуу системасы колдонулат.