НПА

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын  ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар

Мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайыбызда “Филологиялык дисциплиналар ” ПЦКсы тарабынан “Эне тилим-эне сүтүм” деген темада чоң залда адабий-музыкалык иш-чара өткөрүлдү. Дубал гезиттердин конкурсу жарыяланып, жыйынтыгы чыгарылды.

Окуу жайыбыздын 2-курсунун студенттери  “Манас таануу” сабагы боюнча Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынан Жалил Садыковдун кайрадан сахналаштырылган “Төлгө” спектаклин көрүштү. Бул драмада кыргыз элинин балдарды тарбиялоо салты, үрп-адаттары, ички жана тышкы душмандар менен күрөшүү идеялары, Ата Журттун ыйыктыгы тууралуу ойлор драматургия аркылуу чагылдырылат.

 

 

Окуу жайыбыздын 1-курсунун студенттери Чынгыз Айтматов атындагы улуттук орус драм театрынын сахнасынан “Учур” мамлекеттик жаштар театры тарабынан КРнын эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романынын негизинде коюлган “Нүзүп аталык” аттуу тарыхый драманы көрүп кайтышты.

 

Ошондой эле 1-курстун студенттери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасынан “Учур” мамлекеттик жаштар театры тарабынан Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Бетме-бет” спектаклин көрүшүп, руханий азык алып кайтышты.

 

 

“Эл аралык эне тил күнүнө” карата “ЕМД” жана “ПОВТАС” ПЦКсы тарабынан “Эл достугу” аттуу темадагы конкурс өткөрүлдү. Конкурска 5 тайпанын студенттери катышып, ар бири ар кайсы өлкөнү жакташты. Индия, Испания, Өзбекистан, Кыргызстан жана Дагестан өлкөлөрүнүн символикаларын, улуттук кийимдерин, каада-салттарын, ыр-бийлерин көрсөтүштү. Конкурстун жыйынтыгы калыстар тобу жагынан чыгарылып, Ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.