Обращение директора

Бишкектеги курулуш, архитектура жана менежмент колледжинин сайтына кош келиниз, бул жерде биздин окуу жай тууралуу баардык маалыматтар камтылган.

Кесип тандоо-ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү кадам. Бүгүнкү туура чечим сизди келечектеги ийгиликтүү адам болууга мүмкүндүк берет.

Биздин колледждин урааны “Тагдырыңды өзүң танда-БКАМКка тапшыр !”. Ар дайым, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө куруучу жана сантехник, архитектор жана дизайнер, экономист жана баалоочулар талап кылынат.

Колледждин бүтүрүүчүлөрү бүткүл өлкө боюнча жаңы объектилердин курулушун жана дизайнын иштеп чыгууда, о.э. көптөгөн алдынкы курулуш компанияларда, дизайн студияларда, кызматташуу келишими бар “Газпром” ишканаларында эмгектенишет. Профилдик окуу жайларга кыскартылган программадагы окууга өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, б.а. жогорку билим алуу убактысын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Мугалимдер жамааты инженердик-техникалык адистер, өндүрүштүк тармактарда көп жылдар бою топтолгон тажрыйбага ээ адамдар. Сапаттуу адистерди даярдоого заманбап маалыматтык технологиялар жана окуу тарбия иштерине материалдык-техникалык базанын болушу талап кылынат. Биздин коледжде жогорку деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүк берген лабораториялар жана устаканалар бар.

Колледждин айланасы ыңгайлаштырылган , студенттер үчүн тынч жана активдүү эс алуу зонасы бар. Окуу жайдын ички короосунун ландшафтык композициясынын жагымдуу бөлүгү болуп, чуркоо жолчосу, чечинүүчү жайы жана душ кабиналары бар жаңы кичи футбол аянтчасы эсептелет. Жыл ичинде спорттук майрам жана иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат.

2020 – жылы колледждин ачылышына 90 жыл толот. Көп жылдар бою курулуш тармактарындагы компаниялар менен достук жана келишим мамиледе болуп келебиз.

Колледждин негизги иш максаты коомдук өнөктөштөрдүн учурдагы талаптарына сапаты менен жооп берүүчү бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.

Албетте, биздин колледждин бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө коомдук жана экономикалык шарттарда натыйжалуу иштей алган атаандаштыкка жөндөмдүү адистер деп айтууга болот.

БКАМКтан алган билимиң татыктуу келечекке ийгиликтүү башталыш болсун!

(Русский) Чалова Эльмира Алтынбековна
(Русский) Чалова Эльмира Алтынбековна
(Русский) Заместитель директора по учебной работе

Извините, но эта статья доступна только на Орусча