Тажрыйба алмашуу семинары

2019-жылдын 3-декабрында Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинде Мамлекеттик тил күнүнүн 30жылдыгына жана окуу жайыбыздын 90 жылдыгына арналган “Мамлекеттик тил – Кыргызстандын келечеги” аттуу тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү. Семинарга борбор шаарыбыздагы жана республикабыздын башка шаарларындагы кесиптик окуу жайларынын мугалимдери катышышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетектөөчү адиси Толукбаева С.К. да иш-чарабызга катышты.

Семинарда азыркы учурда мамлекетибиздин негизги символу, улутту улут кылган нукура касиет катары –кыргыз тилинин мындан ары кадыр-баркын өнүктүрүү үчүн кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү милдети тууралуу, кыргыз тилин өнүктүрүү – тилчилерден гана көз каранды эместиги, тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү үй-бүлөдөн тартып, баарыбыздын милдетибиз экендиги айтылды.
Окутуучулар Шералиева Айшуру Тургуналиевна “ Курулуш жасалгалоо иштери” боюнча мастер-класс, Сапарова Айнагүл Бердалиевна “Физика” , Эсеналиев Чынарбек Райымкулович “ Дене тарбия”, Аблакеева Гүляза Каниметовна “Техникалык механика”, Турдубаева Чынара Бепеевна “Имараттардын архитектурасы”, Исеев Бакыт Таштанбекович “Материалдар жана санитардык-техникалык жабдуулар”, Сулейманова Тоту Мамбеталиевна “Кесиптик орус тили”, Айтбаев Мирбек Жеңишбекович “Архитектуралык графика”, Шамеева Толгонай “Архитектуралык колористика” сабактары боюнча ачык сабак беришти. Ошондой эле Чыныбекова Гүлбара Разиловна “Илимий-техникалык тексттерди орус тилинен кыргыз тилине которуу жолдору” деген темада семинар-тренинг өттү.

Семинардын катышуучулары үчүн студенттердин жана мугалимдердин күчү менен даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.

Бул семинарда негизинен кесиптик сабактардын мамлекеттик тилде өтүлүшү, жаңы интерактивдүү ыкмалар көрсөтүлүп, коноктор өзүлөрү үчүн кандайдыр бир пайдалуу жактарын алып кетишти деген үмүттөбүз.

04.12.2019