Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу

Спорттук – массалык иш чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан жалпы Республиканын деңгелинде күзгү жеңил атлетика боюнча кросс, жалпы студенттер арасында мелдеш уюштурулду. 23 октябрь 2021 жылы Кыргыз Республикасынын президентинин 29-январь 2021 жылы “Адеп ахлактын жана дене тарбияны өнүктүрүү” боюнча чыгарган токтомуна ылайык “Кара-Жыгач” эс алуу паркында өткөрүлдүү.

Биздин БКАМС тан 10 кыз 10 бала катышышты. Кыздарды дене-тарбия мугалими Токушев Х.У., балдарды дене-тарбия мугалими Эсеналиев Ч.Р. жетектеп барды.

Кыздар арасында 008 тайпасындагы окуучусу Аманова Алина 1000 метрге чуркоодо 3-орунду ээледи.

Балдар арасында 1000 метр аралыкта 907 тайпасынын окуучусу Рахманберди уулу Муса 1-чи орунду, 008 тайпасынын Жолдошбеков Азирет 2-чи орунду ээлеп жеңишке жетишти.

Жалпы командалык эсепте 1-чи орунду БФЭА, Финансы колледжи – 2-чи орунду, Агрардык- техникалык колледж жана БКАМС 3-чү орунду ээледи.

Биздин балдар эң мыкты!

25.10.2021