Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн 23-сентябрда БКАМКта “Филология дисциплиналар” ПЦКсынын окутуучулары тарабынан  уюштурулган Мамлекеттик тил күнүнө жана улуу инсандар Касым Тыныстановдун жана Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган  “Тил-элдин байлыгы жана баалуулугу” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп  өттү. Конференцияга 120 жана 004-тайпанын студенттери жана колледждин окутуучулары катышышты. Конференцияда доклад жана презентацияларды Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Берекебаева З.Н., окутуучулар Исраилова Ш.К. жана Искендер кызы Айпери жасашты. Студенттер эне тил жөнүндөгү жана Касым Тыныстановдун ырларынан көркөм окушту.

23.09.2021