Предметтик олимпиаданын жыйынтыгы

Окуу жайыбызда “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жана уюштуруу” боюнча иш -чаралар планына ылайык өткөрүлгөн “Жабык эшик” марафону предметтик олимпиаданын жыйынтыгы менен 100 мыкты студент аныкталып, мыкты студенттердин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушууда жеңүүчүлөр Ардак грамоталарды колледждин директору Э.А.Чалованын, директордун орун басарлары Г.Ж.Акматсияева, Н.А.Иманалиева, З.Н. Берекебаева, бөлүм башчылары Т.А.Бокошев, М.Т. Жапаров жана М.Д.Досбергенованын колдорунан алышты. Жеңүүчүлөр үчүн атайын концерттик программа көрсөтүлдү.

07.06.2024