Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара

2025-жылдын 23-сентябрында Бишкектеги Курулуш, Архитектура жана менеджмент колледжинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын максаты – мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу Бишкектеги Курулуш, Архитектура жана Менеджмент Колледжинде мамлекеттик тил күнүнө арналган жана жаштардын мекенчилдик сезимин бекемдөө болду.

Иш-чараны колледждин «Филология дисциплиналары» кафедрасынын жетекчилиги жана окутуучулар уюштуруп, студенттер өздөрүнүн активдүү катышуусу менен салтанаттын көркүн ачышты. Алар мамлекеттик тилдин тарыхы жана өнүгүүсү байлыгы, нукуралыгы жана элдин маданиятындагы орду тууралуу боюнча презентациялар даярдап, көркөм окууларды, ыр-бийлерди жана чакан сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Салтанатка катышкан мугалимдер студенттердин демилгесин жана чыгармачылыгын жогору баалап, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жаштардын орду өзгөчө экенин белгилешти.

Иш-чара соңунда уюштуруучулар менен катышуучуларга ыраазычылык айтылып, мындай маданий жана патриоттук иш-чаралардын уланышынын мааниси баса белгиленди. Бул күн студенттердин тилге болгон сүйүүсүн арттырып, аларды улуттук баалуулуктарга дагы жакындатты.

25.09.2025