Экстремизмге жана терроризмге каршы маалыматтык жолугушуу

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасын ишке ашыруу боюнча Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде 2024-жылдын 14-февралында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусу менен экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча студенттер үчүн: «Террордук чабуул коркунучу болгон учурда иш-аракеттер», «Шектүү жарылуучу объекттер табылганда иш-аракеттер» аттуу темалардагы маалыматтык жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин БИИнин КККнын милициянын капитаны Акылбеков М.А жана милициянын майору Арсыматов Э.Д тарабынан “Коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелери”, “Тамеки чекпөө” жана “Спирт ичимдигин ичпөө” боюнча 245 студентке лекция окулду.

29.03.2024