БКАМКтын 95 жылдык мааракесине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Тарыхтан – келечекке” аттуу республикалык деңгээлдеги семинар
2025-жылдын 29-апрелинде окуу жайыбызда БКАМКтын 95 жылдык мааракесине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Тарыхтан – келечекке” аттуу республикалык деңгээлдеги семинар болуп өттү.
Семинардын максаты: Өткөндү унутпай, келечекке ишеним менен багыт алуу, Улуу Жеңиштин баалуулуктарын жана окуу жайыбыздын тарыхый жолун жаш муундарга жеткирүү менен патриоттук жана жарандык тарбияны чыңдоо, ошондой эле кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү болду.
Семинарга КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Зинат Туратбековна Кадырова жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары келип катышышты.
Иш-чарада англис тили (Саринжиева Н.Ж.), орус адабияты(Сулейманова Т.М.) , Кыргыз адабияты( Мамырбекова Н.Б.) сабактары боюнча жогорку деңгээлдеги мастер-класс сабактар көрсөтүлдү. Ошондой эле 305-тайпага Исраилова Ш.К. жогорку деңгээлдеги “Тарыхтан – келечекке” аттуу ачык тарбиялык саатты тартуулады.
Кесиптештер ортосунда кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүлүп, семинар өз максатына жетти.