БКАМКнын студенттери китепканада экскурсияда
12-13.11.2026-жж. БКАМК, 609-618,611-тайпалары менен бирге Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасына жана Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына студенттерди практика жүзүндө изилдөөчүлүк иш алпарууну үйрөнүү иретинде таанышуу экскурсиясы болуп өттү. Таанышуу учурунда студенттердин өзгөчө эмоцияларына китепкана кызматкерлери менен бирге күбөө болдук. Студенттердин бош учурларында, китепканадагы акысыз курстарга катышуу менен бирге өздөрү колледжде окууп жаткан жалпы жана кесиптик сабактарына да даярдануу, тереңдетүү мүмкүнчүлүгү бар экенине кызыгуулары артып, эң жакшы маанайда кайтышты.
Экскурсиябыздын аягында студенттер Сарбалиев Анарбай Шаботоевич агайыбыздын мотивациялык сөздөрү менен борге, каалоо тилек, батасы менен кайтышты.
Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында, биздин студенттерибиз өнөрлөрүн да жагымдуу маанайда тартуулай алышты.
Бул жактан китепкана боюнча студенттерге маалымат берүүчү адистин биздин колледждин жетекчилигине алкыш айтуусу менен кайттык.






