“Тил табышкандар” комедиясы

2024-жылдын 15-октябрында Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган үч айлыктын алкагында “Учур” телетеатрынын артисттери тарабынан Мар Байжиевдин “ Тил табышкандар” комедиясы биринчи курстун студенттерине тартууланды.
Спектаклде көтөрүлгөн негизги тема-тил маселеси. Күлкүлүү окуялар менен коштолгон спектакль аягында, таптакыр кыргызча түшүнбөгөн кыздын кыргызча, ал эми эжеси орусча сүйлөп калышы менен жыйынтыкталды. Спектакль студенттерге аябай жакты.

17.10.2024