Мамлекеттик тили жөнүндө

2024-жылдын 23-сентябрында окуу жайыбызда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Тил байлыгы-эл байлыгы” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны “Филологиялык дисциплиналар” ПЦКсынын мугулимдери уюштурду. Иш-чарада “Мааракен кут болсун, кыргыз тилим ” аттуу студенттер арасында өткөрүлгөн көркөм окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү, комузда кол ойноткон студенттерибиз, улуттук бийлери менен бийчилер тобу көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты. Ошондой эле “Келгиле, кыргызча сүйлөшөбүз” аттуу акция өткөрүлүп, кыска маңыздуу роликтер көрсөтүлдү.

Эне тилибизди кадырлап, ɵз тилибизди сʏйʏп, ɵз тилибизде сʏйлɵйлʏ. Эне тилибиз – биздин дилибиз экенин унутпайлы. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар дегендей эне тилибиздин ɵнʏгʏʏсʏнɵ ɵз салымыбызды кошуп, тилибизди дʏйнɵгɵ тааныталы.

            Дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун!        

26.09.2024