2019-жылдын 9-июлунда биздин колледжде “СЭЗС”, “ДАС”, “МТОСС”, “БУА”, ЗИО” адистиктери боюнча бүтүрүү кечеси болуп өттү.

Бул кеченин күнөөкөрлөрү биздин 601, 602, 607, 608, 609, 617, 630 -топтун бүтүрүүчүлөрү. Бул кечеде окуу жайыбыздын директору Дюшебаев Максат Жумагулович, директордун окуу иштери боюнча орун басары Чалова Эльмира Алтынбековна, Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча орун басары Берекебаева Замира Нурбековна, профсоюз уюмунун төрайымы Исраилова Шарипа Кийизбаевна, №1 бөлүмдүн башчысы Бокошов Тилек Абекович, №2 бөлүмдүн башчысы Акматсияева Гулиза Жанышевна, бүтүрүүчү топтордун кураторлору Жээнбеков К.Р., Турдубаева Ч.Б., Досбергенова М.Д., Сулейманова Т.М., Орозбек кызы Н., Мырзакасымова С.А., Джакыпова А.М. бүтүрүүчүлөргө болгон каалоолорун айтышты. Кеченин алып баруучулары бүтүрүүчүлөрүбүз Кубанычбеков Арлен жана Эсеналиева Айдай болду. Бүтүрүүчүлөргө арналган чакан концерт көрсөтүлдү.
Бардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө: “Ак жол, сага, бүтүрүүчү!”- демекчибиз.

09.07.2019