“Манас таануу” интелектуалдык таймашы

Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжи
“Манас таануу” интелектуалдык таймашы
Орто кесиптик окуу жайлар жана лицейлер арасында 1-жолу “Манас таануу” интелектуалдык таймашы 2019-жылдын 29-30-ноябрында өткөрүлүп, Чүй облусу боюнча 16 топ катышты.
Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинен окутуучу Орозбек кызы Нурзат жетектеген 5 студент даярдалып, “Ордо тобу” деген ат менен жигердүү катышып келишти.
Таймашта “Ордо” тобунун студенттери: Тынарбек кызы Айпери, Балтагулова Арууке, Көкөев Бекбол, Жолболдуева Диана жана Муратаалыева Айчолпон С.Орозбаковдун варианты боюнча “Манас” эпосунан берилген суроолорго жооп беришип, берилген тапшырмаларды туура аткарышты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен “Эң мыкты” тайпа деп табылып, диплом жана баалуу китептер менен сыйланышты. “Манас таануу” интелектуалдык таймашына жигердүү катышкан студенттер бир гана улуу эпос менен таанышпастан, логикалык ой жүгүртүү, көөнө сөздөр, кыргыздын каада салтын жана макал-лакаптарды да үйрөнө алышты.

06.12.2019