Илимий – практикалык конференция

9 – февраль күнү Бишкек курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинде окутуучу Разилова Дилбардын жетекчилиги менен, “Гуманитардык дисциплиналар” ПЦКсы тарабынан уюшулган “Философия между прошлым и будущим” деген темада илимий – практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга 3 – курстун студенттери катышты.

Конференция философиянын тарыхын жана Таануу теориясын камтыды. Студенттер Чыгыш философиясы боюнча маалыматтар менен гана бөлүшпөстөн, йога, даосизмдин элементтери болгон Цигун жана Фен-Шуй боюнча практикалык тажрыйбалары менен да бөлүшүштү. Мисалы, 908 -тайпанын студенттери – Попова Евгения, Орозалиева Мария жана Тагаев Раатбектер адамдын 7 чакрасы боюнча элестүү кылып айтып беришти. Индия философиясынын бир багыты. болгон йоганын элементтерин коноктор Арыкбаева Назиманын аткаруусунда күбө болушту. Ал эми Казы уулу Азамат Цигун практикасынын элементтерин аткарып берсе, Жекшенбек кызы Сезим Фен-Шуй боюнча өз практикасын көргөзө алды.

902 – тайпанын студенти Жусупбеков Нурсултан “Атомарная теория Демокрита” деген темада, 920-тайпанын студенти Абдыжапаров Эмирлан “Психоанализ З. Фрейда”, 905-тайпанын студенти Бектур уулу Барсбек “Законы диалектики”, ал эми Амангул уулу Нурсен “Глобальные проблемы современности” деген темада иштерин жакташты.

11.02.2022